www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттыктын” чыгаан журналисти Улан Эгизбаевдин кайтыш болгонуна 1 жыл толду. Артында Улан көрбөй калган уулу Белек калды. Сыздаган ата-энеси, жалгызсыраган жубайы Улансыз бир жылын өткөрдү. Бүгүн, Уландын досу, теле алып баруучу Каниет Жыргалбеков так ушул таптарда Уландын мүрзөсүндө турганын айтып, досун эскерди.

--Эртеден бери жанында олтуруп, бир жыл ичиме толгон бугумду айтып чыгарып алдым. Сенсиз өткөн бир жыл мага калп күлгөндү үйрөттү досум! Жалганчылар, жасалмалар, кооз сүйлөгөн адамдар көөйдү аны өзүң да көрүп турасың! Чындыкты айткан адамды баса калышат дагы, кооз сүйлөгөн адамдарга ишенип жатып калышат. Бул дүйнө жалган экенине ишенишкенде мындай болбойт болчу, калп эле ишенишет. Сенин мүнөзүңдү өтө жакшы билет болчум, сага жакпаган көп иш болуп жатат. Бир эле мисал өлүмүңдүн сыры мага дагы деле табышмак, киши колдуу экениң көрүнүп турса дагы, экспертиза “таза” деп чыгарды. ИИМ, УКМК эмес ишти болгону жөнөкөй, үйрөнчүк милицияга дайындап коюшту. Алгачкы жолу буттагы такты айтып чыкканымда айрымдар “пиар” деп мени басынтууга, оозумду жабууга аракет жасашты. Мен айтпасам буттагы тактар айтылбай калып кетмек. Соттук-медициналык экспертизага барганда буттагы так өлгөндөн кийин пайда болгон деп “точка” коюп беришти дагы, сени өзү чөгүп өлдү дешти. Ары чуркап, бери чуркаганым менен көпчүлүк жана чоң-чоң органдар иш алып барбаганы менен иштен майнап жок. Адамда өлгөндөн кийин денесине так пайда болбойт экен, анан дагы ал такты эмненин тагы экенин (цемент, жыгач, темир) эксперттер айтып бере албайт тура. Туура ажалын жетти, куран окуп бата кылыштан башка аргабыз жок. Бирок мен ошол акмактар ким экенин азыр да билгим келет. Тигил жакта бир жыл болду деп шаан-шөкөт болуп дасторкон жасалып, баланча келет, төлөнчө келет деп ар ким өзү менен өзү. Сага пайдалуу бир гана Куран. Ал жакта жүргөнчө жаныңда олтурууну туура көрдүм. Бүгүн сага көп нерсени айтып бердим. Айткан ар бир сөзүмдү жазсам бул жакка батпайт жана ар кандай сөз чыгарып башташат. Тынч жат досум! Мен бул жерге өмүрүм өткөнчө келем досум!

Сен болгондо..., деп эскерет Каниет Жыргалбеков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости