www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдынан чыккандын баарын талкалоочу Танос сыяктуу Атамбаев да бийликтин бардык бутактарын кайрадан өзүнүн көзөмөлүнө алгысы келип турат. Сөөмөйү “сыйкырдуу” болсо, ошонусу менен эле баарын өз каалоосун аткарттырып, ага каршы чыккандарды оозунун жели менен эле “өлтүрүп” койгусу келип турганы да жашырууга болбой калды.
Атамбаев дагы Танос сыяктуу эле өткөн чактан келечекке келгиси келет, мамлекетти талкалагысы келет. Себеби ал “Эгерде Атамбаев болбосо, демек Кыргызстан да жок” дегенди көргөзгүсү келип турат. Андыктан Танос-Алмас Атамосту эсине келтире турган убакыт келди. Аны суракка мажбурлап алып келүү керек.
Атамбаевдин Кой-Таштагы өзунө коёндой окшош “пиарчылары” дагы эмнени ойлонуп чыгара койсок деген менен эле алек. Алардын провокациялык жалгандары биринин артынан бири максаттарына жетпей жок болууда.
Атамбаевдин вазири Фарид Ниязов алдан-күчтөн тайды деп уктук. Жакында эле “Кыргыз мамлекети эч качан болгон эмес” деп, айтып алды. Эң кызыгы Кой-Таш тараптан “1500 спецназ Атамбаевдин Хан сарайын штурмга алышат экен” деген маалымат чыкты. Ошончо спецназ Атамбаев үчүн бара тургандай ал, Бен Ладенби же ИГИЛдин лидериби?
Кечээ эле “400 спецназ Атамбаевдин хан сарайын коргоо үчүн кызматтарынан кетишти” деп социалдык түйүндөрдө 1%ы дагы чындыкка коошпой турган кезектеги “калпын” таратты. Айтор, Кой-Ташта “Дом-3” болуп жаткан сыяктуу. Минтип олтурса Атамбаевдин жер тыңшаар Мамыттары чымындан пил, кумурскадан коён жасабаса болду.
Баса, Хан сарайдын короосунда бири-бири менен келише албай жаткандар да арбып баратканы угулууда. “Сен көбүрөөк тамак жеп койдуң”, “Сен акчаны көбүрөөк алган турбайсыңбы?” деген ыйкы-тыйкылар болуп жатат дешет. Албетте, адам боюнан эки эсе бийик тосулган короонун ичинен чыкпай эле отура бериш оңой бекен.
Булак: NazarNews.kg