www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Балыкчы жана Тоң райондорунда сел жүрүп, жолдор бузулганын ӨКМ билдирди.

Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары менен Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрдөн кийин сел жүргөн.

"Суу турак үйлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор менен арыктар кум шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден зыян тарткан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматты абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев менен министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кеткени айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жети-Өгүздө да сел жүрүп, унаа жолду алып кеткени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости