www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-март - Ак калпак күнүнө карата Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери №2 жана №7 мектептердин окуучулары менен жолугушту. Алар ар улуттун өкүлдөрү окуган мектеп окуучуларына улуттук баш кийимибизби барктоо керектигин айтып өтүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ак калпак күнүнө арналган иш-чарада мамлекеттик символикаларды, улуттук баш кийимди кадырлоо зарылдыгы белгиленди. Милиция кызматкерлери жаштарды спортту сүйүүгө чакырышып, дүйнөлүк аренада кыргыз желегин желбиретип, башкы байгелерди жеңген учурда ак калпак башына кийип чыгуу чоң сыймык экендигин айтып өтүштү.
Ошондой эле, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, бири-бири менен достук мамиледе болууга чакырышты. Окуучулардын руханий жан дүйнөсүн ойготуу максатында спортто ийгилик жараткандардын басып өткөн жолдору тууралуу лекциялар өтүлдү.
Ак калпак күнүнө арналган иш-чаралар Жалал-Абад шаарынын аймагындагы башка мектептерде да улантылды.
Булак: NazarNews.kg