www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жалал-Абад шаарында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, вице-мэр Руслан Алтымышев, Ооган ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.

Эскерүү иш-чарасында апаатта курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан сырткары, студенттер тарабынан эскерүү ырлары айтылды.

 

Эске салсак, Ооганстандагы согушка Жалал-Абад шаарынан 100дөн ашуун жоокер аттанып, алардын экөө согуш талаасында курман болгон. Учурда калаада 82 ардагер бар. Аларга республикалык бюджеттен ай сайын 6 миң сомдон берилет. Ал эми шаар казынасынан жылына бир ирет 2 миң сомдон бөлүнөт.

Быйыл Советтик аскерлердин Ооган Республикасынан чыгарылгандыгына 32 жыл болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости