www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата актер Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, баатыр кайнатасы менен кайненесин эскерди. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

На изображении может находиться: 1 человек, борода и в помещении

“Бул сүрөттөгү инсан Кыргыз искусствосуна залкар таланттар -Таттыбүбү менен Нурканбек Турсунбаевдерди берген Мурсалы Турсунбаев атабыз. Атабыз 1910-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген экен. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болуп, райондук масштабда бир топ жооптуу кызматтарда иштеген (мугалим, мектеп директору, Райондук пландоо бүлүмүнүн башчысы, айылдык советтин төрагасы ж.б.у.с.), КПССтин мүчөсү да болгон. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Сталинград фронтунда фашисттик баскынчылар менен баатырларча салгылашып, бир бутунан жарадар болуп, Улуу Ата Мекендик согуштан майып болуп кайткан адам болгон.

Атабыз кадимки залкар, алп акындар Токтогул Сатылганов менен Калык Акиевдин кенже шакирти болгон. Токтогул акындын 200дөн ашуун күүсүн, ар биринин баянын ыр менен айтып черткен, залкар талант эле. Учурунда залкар композитор Абдылас Малдыбаев Жумгалга атайын барып, атабыздан ошол күүлөрдү жаздырып келип, Композиторлор союзунун Алтын фондусуна калтырган.

Мындан тышкары, атабыз өзү да обон, күү чыгарган өзгөчө талант, дастандарды чоң чеберчиликте, өз ыры менен айткан мыкты дастанчы, аткаруучу да болгон. Сүйлөсө сөзү ордунда, жамактап сүйлөгөндө жоон топ элди оп тартып турган сапаты болгонун атабызды көрүп-билген замандаштары ар дайым эскерип айтып калышчу. Атабызда акын катары ыр жазган өнөрү да болгон.

Жараткан атабызга чыгармачылык дараметти ченебей берген экен. Атабызда керемет үн, актердук чеберчилик да болгон. Актёр катары Нарын областтык музыкалык драма театры болуп өзгөргөн Жумгал колхоз-совхоз театрынын негиздөөчүлөрүнүн, уюштуруучуларынын бири болгон. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасынын активдүү катышуучусу да болгон. Фрунзеден барган кандай гана алп чыгармачыл инсандар болбосун биздин үйгө сөзсүз келип, таң аткыча тамаша куруп, атабыздын дастан, күү-ырларын угуп, чер жазып, апабыз Калыйбүбүнүн дасторконунан даам сызып кетип турганын жолдошум Нурканбек көп эскерип калат.

Атабыздын эскерип айтып калганы бар экен. 1939-жылкы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасына Жумгалдан 16 киши барган экен: Калык Акиев, Мидин Алыбаев, Адамкалый Темиров, Мыскал Өмүрканова, Отунчу Сарбагышов, Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлев, биздин атабыз ж.б. Ошол декададан кийин Жумгалда катуу дүң болуп турган кез, 1940-жылдын жаз айы болуш керек эле дейт. Фрунзеден жоон топ артисттер Жумгалга барып калып, кечки оюн бүткөндөн кийин биздин үйдө мейман болушкан экен. Апабыз Калыйбүбү дээринен тың аял болгондуктан, андай мейман тосуу көнүмүшкө айлангандыктан, күндүн кайсыл учуру болбосун дасторконун жайнатып, кабагым-кашым дебей, жаркылдап тосуп, келген элдин батасын алып узатып, атабыздын көзүнүн кареги менен тең айланып, атабыздын оюн айттырбай билген илбериңки, асылкеч жан адатынча меймандарды тосуп, бата сураганга келгенде эле, меймандардын ичинен эң улуу аксакалы кадимки олуя Куйручук аксакал экен. Ал киши бата берип жатып, эртеден бери ийилип кызмат кылып жаткан апабыз Калыйбүбүгө өзүнчө бата берип жатып айткан экен: "Балам, кош бойлуу экенсиң. Аман-эсен көз жарып ал. Алдагы карындагы балаң эркек. Ал жөн бала эмес, кара шумкар, кыраан куш болот, атасы Мурсаалыны басып өткөн чоң талант болот. Жалпы беш перзенттүү болосун. Бешөөнүн бешенеси өзүңдөй жаркып турат. Бешөөнүн тең таскагы алыска чабылат. Калганын айта албайм. Аялзаттын асылы экенсиң, Кудай жолуңду ачсын, көз тийбесин" - деп бата берген экен.

Олуя Куйручук атабыз айткандай ошол курсактагы Куйручуктун батасынан төрөлгөн перзенти - менин жолдошум Нурканбек экен. Ошондон улам Нукенимди чоң атабыз Турсунбай көзү өткөнгө чейин “Кара шумкарым” деп эркелетчү экен.

Бүгүнкү Жеңиш күнгө жеткирген жалпы аталарыбыздын, Мурсаалы атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, бейишке чыгышсын”, - деп эскерген Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси, актёр Нурканбек Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева.

Булак: NazarNews.org

Последние новости