www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууда сүзгөн мышыктар

«The Times» Түркиянын Жүзүнчү жыл университетинде курулган Ван мышыгы вилласында ачылган бассейндерге кеңири орун берди.

Англиянын алдыңкы гезиттеринен «The Times» Түркиянын Жүзүнчү жыл университетинде курулган Ван мышыгы вилласында ачылган бассейндерге кеңири орун берди.

Гезит өткөн аптада Жүзүнчү жыл университетинде курулган Ван мышыгы вилласында ачылган бассейндерди окурмандарына «Кандайсың мышыкча? Сен үчүн сууда сүзүүнүн убагы келди» темасы менен тартуулады.

Гезитте мышыктар сууда сүзүүнү анчалык жакшы көрбөгөнүн, бирок Түркиядагы бул пародасынын сууда сүзгөндү жакшы көргөнүн жазды.

1992-жылы ачылган жана 350 Ван мышыгы орун алган борборду «Люкс вилла» деп берген маалыматта абдан мыкты ашкана менен оюн аянты орун алганы жана Ван мышыктарынын өзгөчөлүктөрү кеңири таанытылды.

Түрктөрдүн жаныбарларды жакшы көргөн калк экени, көчөдөгү жаныбарларды коргогону, коомдук пикирдин акыркы мезгилдерде жаныбарларды кыйноолорго катуу каршылык көрсөткөнү орун алган маалыматта, акыркы жаныбарларды кыйноо окуяларынан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын расмий твиттер барагынан «Айбанаттар мүлк эмес, жан» деп бөлүшкөнү да баяндалды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости