www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча кызматкери, сууга агып кеткен баланы издөө иштери учурунда каза болгон куткаруучу Аскар Казыбеков бүгүн акыркы сапарга узатылды.

Маркум менен коштошуу аземине анын жакындары, кесиптештери жана жергиликтүү тургундар катышып, анын эмгегин эскерип, үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.

Окуя Талас облусу аймагында болгон издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө катталган. Кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон куткаруучунун өлүмү коомчулукта терең кайгы жаратты.

Жергиликтүү тургундар жана кесиптештери маркумдун кесипкөйлүгүн жана адам өмүрүн сактап калууга болгон аракетин белгилешти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Последние новости