www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамыр-Арал жолу каралбай калды

4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы жазып чыкты.

"Сиздерге белгилүү болгондой, Суусамыр-Арал жолунун абалы өтө начар. Аны оңдоо иши жыл сайын айтылганы менен алгылыктуу иштер башталбай келет. Мына жаз келе жатат. Табияты катаал аймакта жол көйгөйү дагы курчуйт. Суу жууп, араң турган жол дагы талкаланат. Жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөн. Бирок каражат качан чечилери белгисиз. Андыктан Өкмөт аталган маселеге кайдигер карабай, ишти тездетиши керек", - деди депутат.

Андан тышкары, Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушуна токтолгон эл өкүлү: "Пандемияга байланыштуу аталган жолдун курулушу да солгундады. Бирок, эл кыйналып кетти. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган кан жолдун ушул тилкесинен каттагандар арбын. Ошондуктан, ушул жолду да тездетип бүткөрүү зарыл", - деп кошумчалады.

Муну менен катар Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатканын мисал кылып: "Акча бөлүнгөн, бирок эмнегедир иш жүрбөйт. Окуучулар жакынкы мектептерге барып окушат. Ал жакта шарт-жагдай начар. Мугалимдер окуучулардын көптүгүнөн татыктуу билим бере албай жатышат. Андыктан, Өкмөт окуу толук башталганча курулуп жаткан мектепти бүткөрүшү абзел", - деди Тынчтыкбек Конушбаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости