www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда 2010-жылдагы июнь окуясында ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектелип эки тургун кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган Ш.А. жана 1977-жылы туулган А.Э. кармалды.
Кармалга жарандар 2010-жылы июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышып, ошондой эле ИИМдин милициянын подполковнигин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Шектүүлөр 2010-2011-жылы тергөө учурунда өздүгү аныкталбай калган.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.
Учурда көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Буга байланыштуу УКМК 2010-жылы июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын кошумчалайт.
Булак: NazarNews.kg