www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта милиция бөлүмүнө алып келинген киши каза болду

Сузак районунда милицияга алынып келген эркек киши каза болду. Окуяны Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Облустук милицияга 31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак РИИБдин Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүндө 45-50 жаштардагы эркек киши каза болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Анын негизинде Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, Сузак РИИБдин жетекчиси, Сузак районунун прокурорунун орун басары окуя болгон жерге барган. Маркумдун денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө каза болгон жаран Мундуз айылындагы дүкөндөрдүн бирине мас абалда барып, тынчтык бербегендиктен дүкөн ээси аймактык милиция кызматкерин чакырган.

Аймактык милиция бөлүмүнүн өкүлү окуя болгон жерге барып, 45-50 жаштардагы эркек кишини мас абалда жүргөн жеринен милиция бөлүмчөсүнө алып келген. Ал өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып, суу сурап ичкен.

Андан соң, милиция кызматкери Мундуз айылынын тез жардам бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгерин алып келип, биринчи тез жардам көрсөтүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам каза болуп калган. Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кароо жүргүзгөн учурда денесинен жарааттар байкалган эмес. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости