www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зордуктоого шектелип СИЗО-1ге камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум 21-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Super.kg порталына актёрдун бир тууган агасы Бактыбек Мамаев билдирди.

"Сот отуруму дагы жылдырылды. Ага соттун имаратында электр жарыгы жок болгондугун жүйө келтиришти", - деди ал.

Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. 

 Булак: Super.kg

Последние новости