www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Украинадагы согуштан улам Орусиянын рыногун таштап чыгып кеткен чет элдик фирмаларды өлкөгө тартууну тапшырды, – деп жазат Tengrinnews.kz. 

"Дээрлик 1400 ири чет элдик компаниялардын ар бир экинчиси өз ишин токтотту же орус рыногун толугу менен таштап кетти. Өкмөт аларды Казакстанга көчүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшү керек", - деди Токаев.

Батыштык эксперттердин пикиринде, Орусиядан 200 ашык ири компаниялар чыгып кеткен, алардын арасында Universal Pictures, Cisco, IBM, Coca-Cola Company, Lego, тиричилик техникасын өндүрүүчү Electrolux Professional жана башкалар.

Буга чейин, 28-июнда Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин өлкөдө чет элдик IT-компанияларды тартуу боюнча бир топ иштер жасалып жатканын билдирген. 

Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин Казакстанга видео оюндарды жасоочу Рlауriх, Tinkoff онлайн банкы, InDriver жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы, Туре Туре студиясы, Red Mad Robot программалык камсыздоону иштеп чыгуучу жана башкалар көчүп келишкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости