www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Учурдагы мектеп директорлору билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин сынактык тандоосуна катыша алышат”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттер менен болгон жолугушууда.

Ал белгилегендей, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан алынат деген маалымат чоң резонанс жараткан.

«Низовскийдин (Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейинин директору) боюнча кайрылуулар көп. Анын кызматтан алынышына тынчсызданып жатышат. Бирок ал сынакка катыша алат, учурдагы мектеп директорлоруна эч кандай тыюу салынган эмес», - деди министр.

Ал конкурстук тандоо жана директорлук кызматты ээлөө боюнча чектөөлөрдү киргизүү туура чечим деп эсептейт. Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, айрым мектептерде директорлор 20 жана андан көп жылдан бери кызматта иштеп келишет.

«Ал эми бир мектеп бар, анда директору эркек, бирок анын аялы иш жүзүндө баарын башкарат», - дейт министр. Ал окуу жайдын номурун айтпай турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости