www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген, кырсыктарды алдын-ала билген айтымчы, Света Тойгонбаева алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу төлгө ачып, учурдагы партиялардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу NazarNews маалымат агенттигине айтып берди.

"Парламенттик шайлоодо 6-7-10 деген сандарды көрсөтүп жатат. Жалпы жонунан парламенттик шайлоого 10 партия ат салышат. 3 партия суурулуп чыгып, эки партия басым кылганы менен партиялардын келечеги көрүнбөй жатат. Шайлоо тоскоолдуктарга учурап, күтүлбөгөн жагдайлар жаралышы мүмкүн. Ошон үчүн президент жети өлчөп бир кесип, шайлоону адилеттүү өткөрүшү керек. Антпесе парламенттик шайлоонун айынан башаламандык орун алып, анын кесепети даражалуу кызматта отурган адамдарга тийип калышы ыктымал. Анткени, бул шайлоо абдан курч таймашта өтөт. Кырдаал бат өзгөрөт. Шайлоого катышкан партиялар жеңишке жетиш үчүн болгон күчүн жумшайт. Бардык жактан ийгиликке жетүүгө ашыгат. Ошон үчүн президент таза шайлоо өткөрүп, туура чечим кабыл алышы керек", - деди айтымчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости