www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төлгөсү төп келген айым, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди.
--Азыр Кыргызстанда саясый абал курч болуп турганына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары төшөгүн төргө жыйып кетип калбай президент Жээнбековго кол кабыш кылып иштеп туруш керек эле. Сооронбай Жээнбековдо Атамбаевди камаймын деген ой жок. Жээнбеков өтө этият болушу керек. Анткени ошол эле депутаттардын арасында Атамбаевге сатылып кеткендер көбөйүп жатат. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбеков парламентти таратышы керек. Президенттин жанындагылар иштеген жок, эртең эле сатып кеткенге даяр турат. Бул күрөштө “каралардын” дагы күчтөрү бар. Тийиштүү органдар жакшы иштебей жатат. Сооронбай Жээнбеков ара жолдо турат, тирешүү күчөйт. Бул жерде жеке элдин кызыкчылыгы жок, булардын арасында чоң чечилбеген акча бар. Ызы чуу болуп кетсе же Жээнбеков кызматтан кете турган болсо, шаар талкаланат, баарынан жок калабыз. Президент 2 ай өтө сактык менен иштеп, акылдуулук менен тон бычыш керек, ушул эки ай ичи ызы-чуудан алыс болгону жакшы. Кыргыз эли ойлонгула! Азыр биримдикти сактабасак чоң жоготуунун алдында турабыз. Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаевди токтоп калаар деп убакыт берип атат. Атамбаев тилекке каршы бастырып жатат. Экөө тең ыйманга келиши керек! Атамбаев, кыргыз элин ойлоп бир чечимге келиши зарыл. Ал түндүк-түштүк деп бөлбөшү керек! Атамбаевдин элди бөлгөнгө акысы жок! Жээнбеков, Атамбаевдин башка кылыгы үчүн камабаса дагы элди-бөлүп жаргандыгы үчүн камашы керек!
Света Тойгонбаеванын байланыш түйүнү: 0776 210 000
Нуриза Молдошова, NazarNews.kg