www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен гезиттерден оошуп кеткен ажал тууралуу көптөгөн турмушта болгон окуяларды окудум. Жаратылышыбыздын ары сырдуу, ары табышмактуу жашоосунда адам баласынын аң-сезими жетнеген канчалаган гана нерселер бар. Ушундай нерселердин ачыгьша жетүүгө алсызбыз, андайларды башка-рууга биздин күчүбүз, дараметибиз да жетпейт. Бул жашоо менен дүйнөнү жараткан Жаратканыбыз өзү гана бардыгын бир нукка салып башкара алат.
Кайсыл бир гезиттен (балким, силердин гезиттендир?) өлүм алдында ооруп жаткан кемпирге келген ажал сыртта улуп жаткан итине өтүп кетип, кемпир айыгып, ит болсо өлүп калганы тууралуу баяндалган. Аны өз көздөрү менен көргөндөр, буга күбө болгондор оодгон. Ошол окуяны гезиттен окуп алып дал эле ошого окшош дагы бир окуя эсиме түшүп кетип отурбайбы. Мен дагы ошол окуяны силерге баяндоону эп көрдүм.
Мен анда болгону сегизинчи класста гана окучумун, Сабыркул деген атамдын инисинин үйүнө жайлоого эс алганы баргам. Ошондо биринчи жолу жайлоого чыккам. Чындыгында жайлоо укмуш керемет экен. Тоо бетин каптаган жапжашыл шибер чөп, ар түрдүү гүлдөр, жапайы дарактар, тээ жогору жактан кардан агып келген мөңгү суулар, таптаза, туптунук. Бул айтылуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө, Мантыш, Кара-Мойнок айылынын Сөөк деген жайлоосу. Тээ жогорку ак кар, көк муздуу агып келген суулар улам бири-бирине кошулуп отуруп, күркүрөп аккан чоң сууга айланат. Андан ат менен эле өтпөсө кишилер өтө алышпайт. Күркүрөп аккан добушу тээ алыс жакка угулуп турат. Чабандар-дын боз үй, чатырлары суудан бир топ эле алыс жогору жакта жайгашышкан. Өзгөчө түнкүсүн уктап жатканда анын жагымдуу добушу кулагыңа угулуп турат. Ошол добушту тыңшап жатып уктап кетесиң.
Анын балыгычы, ой боой көп-түгүн айтпа. Сыягы, тээ төмөн жактагы Орто-Токойлуу сактагычы жактан өйдө карай өрдөп келишет окшойт. Аларды эртеден кечке кайырмак менен кармап эрмектейбиз. Кээде бактыга жараша, өтө көп кармайбыз, кээде жарым чакага да жетпей калат. Ар бир чабандын боз үйлөрүнүн жанында кургатылган балыктардын илинип турганын көрүүгө болот.
Бул балык кармоо деген өзүнчө эле бир кумар экен. Ар бир чабандын балдарынын эки-үчтөн кайырмактары бар. Эртең мененки тамакты ичкенден кийин жаш балдардын бардыгы кайырмактарын көтөрүшө шаркырап аккан чоң суусун көздөй биринин артынан бири ээрчишип жөнөп калышат. Чындыгында ошол жылы балык кармагандардын саны ушунчалык көбөйүп кеткен. Чабандын балдары аз келгенсип, калаадан эс алганы келген меймандардын балдары дагы бизге кошул-ташыл болуп, орун талашып балык кармашат. Ошо күнү түштөн ооп бараткан мезгил болчу. Төбөдө бир да ала булут жок, күн ысып турган. Бир кезде бирөөнүн бакырган үнү кулагыбызга "шак" дей түштү.
- Канат сууга акты, жардамга! Биз үн чыккан жакты карасак, чын эле бир бала чыркырап, күркүрөп агып жаткан сууда агып бара жатыптыр. Сөөк суусу албууттанып катуу агат, ага эч ким туруштук бере албайт. Керек болсо аттар дагы агып кеткен мезгил болуптур. Баланын карааны бирде суунун үстүнө чыгып көрүнө калып, кайра суунун ичине кирип кетип катуу ылдамдык менен агып баратты. Бардыгыбыз ызы-чуу түшө дүрбөп калдык. Суу жээгинде балык кармагандардын дээрлик көпчүлүгү жаш балдар. Бизден төрт-беш жаш улуу балдар суунун агьшы менен жарыша төмөн карай чуркап жөнөштү. Аны менен кошо иттер да чуркап жүрүшөт. Бир кезде сууда агып бараткан алиги бала суунун ортосунда-гы дарактын бутагына илинип, ошол богонча былк этпей кал-ды. Биздин колубуздан эч нерсе келбей ары-бери чуркап эси-бизге келе албай чуру-чуу түшүп жаттык.
Ошол маалда кандайдыр бир дөбөт ит сууга секирип түшүп, баланын көйнөгүнүн желкесинен тиштей сыртка сүйрөп чыгарууга аракет кылды. Катуу агып жаткан жеринен бери жакка алып өттү. Биз бардыгыбыз жабыла аны жээкке чыгарып алдык. Бала эбакта эле өлүп калыптыр, ал кезде биз жасалма дем алдыруу эмне экенин билчү эмеспиз. Кан тамыры сокпой бүт денеси эбакта эле муздап, деми чыкпай жатат. Кээ бири баланын ата-энесине кабар бергени чуркап кетишти, кээ бирн эмне кылаар айласын таппай ыйлап жатышты. Көп өтпөй эле алиги өлүп жаткан баланын ата-энеси жетип келишип, ого бетер ызы-чуу түшө чуркурап калышты. Ошондо алиги баланы суудан сүйрөп чыккан ит да катуу улуп кирди.
- Чык кет, жаман жорукту баштап улубай! - деп кээ бирөөлөр аны кууп жиберүүгө аракет жасашты. Ит качмак турсун жансыз жаткан баланын денесинин жанына келип бир башкача каңшылап алды да, көздөрүн бир башкача сүзүлтө уйкуга кетти көшүлүп. Ошол маалда оозу-мурдунан суу кетип алиги кыймылсыз, жансыз жаткан балага жан кирип көзүн ачты. Алиги ит болсо баланын жанында жаны чыгып өлүп калыптыр. Баланы ата-энеси атка өңөрүп алып кетишти, Ал эми биз болсо өлүп жаткан итти ары жакка сүйрөп барып үстүн таштар менен корумдап көмүп келдик.
Азыр ойлосом экөөнүн жандары оошуп кетги го деп ойлоп коём. Ушуга жандары оошуп кеткен окшош бир окуяны мен гезиттен окугам. Дегеле турмушта бири-бирине окшош окуялар көп эле кездешет экен, биз аларга анча маани бербейбиз. Ал эми алиги сууга агып кетип өлүп-тирилген бала азыр Бишкекте чоң кызматта иштеп жатат. Аны телевизордон кээде көрүп калам.
Булак: Шамбала