www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 10 млн. долларга чамалаган Кой-Таштагы хансарайынын дубалын 3 метрге чейин көтөрүп буга чейин бир да кишини бастырбай келген. Атамбаевге жардам сурап барган муктаж адамдар дарбазасына жакын жолой албай артка кайткан окуялар далай ирет болгон дешет. Ал эми кыңыр иштери ачыкка чыгып, мыйзам алдында жооп бере турган учуру жакындаганда аргасыздан карапайым адамдарды тирүүлөй калканч кылып, берешен киши өңдөнүп куулук кылууга өттү.
Атамбаевди колдобосо деле жөн гана жомоктогудай хансарайды көрүүгө кызыккандар бул жака толо баштады. Кыларга жумушу жоктордун көктөн издегени жерден табылып, 3 маал ысык тамак, күн сайын 5 миң сомго чейин акча алуу майдай жагып жаткан учуру. Түнү менен “кызылына” тоюп, кечке маал баш жазып алып сыртка чыкканда калп эле кол чаап “Атамбаев” деп кыйкыруу баарынын эле колунан келет. Мындай оңой оокатка азгырылгандардын кыш түшкөнгө чейин кетпейбиз деп жатканы кандай?
Бирок, мындай көрүнүш АШАнын жубайы Раиса Атамбаеванын көңүлүнө көк таштай тийиптир. Раиса айым күн сайын “Маданиятсыз койлоруң газонду тебеледи, жада калса ажаткананын тешигин да билбеген малдар” деп күн сайын Атамбаевдин нервин жеп жатканын кантип танат? Жуттан чыккан немедей болуп баары өлүп-талып тамак жемей менен убара, үйдүн айланасына сийип-чычып сасытты деп топтолгондорду чанганы кандай?
Ишенимдүү булактар кабарлагандай, 3-июлдагы “Форумдун” астында өтө турган митингди да Раиса айым ойлоп тааптыр. Ал короосуна чогулган “малдардан” ушинтип гана кутула алам дегенге ишенип алгандай. Бекер тамакка, күн сайын төлөнүүчү акчага үйрөнүп алгандар анда кантет?