www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Света Тойгонбаева, айтымчы: «Жаңжал 3 күнгө чейин болот»

Төлгөсү төп келген, кырсыктарды алдын-ала билген айтымчы, Света Тойгонбаева кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан жаңжал боюнча айтып берди.

-- «Эгерде азыркы бийлик учурда болуп жаткан иштердин алдын албаса абал курчуп кетет. Май айында өлкөдө кайрадан чоң митинг болот. Мен буга чейин деле айтып келгем, Камчыбек Ташиевдин кылгандары эч жыйынтык бербейт. Анын ордуна чек ара маселесин кылдаттык менен чечкен адам келиш керек. Азыркы бийлик баарына маани берип иштеп, кадр системасына көңүл бурбаса, ырыскысы көтөрүлүп кетиши мүмкүн», - деп белгиледи айтымчы.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак, тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Окуя учурунда сегиз кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бири ок жеп оор абалда. Ал эми тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.

Учурда Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости