www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 17:00дөр чамасында тажик тарап Кыргызстандын «Капчыгай, «Миң-Булак», «Достук» чек ара заставалары менен «Кожогар», «Булак-Башы» чек ара постторун миномет менен аткылаган. Натыйжада Баткендеги «Достук» чек ара заставасы өрттөнүп кеткен.

«Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргызстан УКМКсынын «Бөрү» атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын басып кирди», — дешти УКМКдан.

Кыргыз-тажик чек арасынын аймагына эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости