www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы мечиттерде эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жума намазы токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун талаптарына ылайык, 30-апрелден тарта мечиттерде жума намазын окуу жана дааватка каттоого алууга убактылуу чектөө коюлду.

«Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ооз ачтырууга киргизилген чектөө күчүндө калтырылмакчы. Жарандар мечиттерге келүүдө бет кап тагынып, 1,5 метрлик аралыкты сактап, дене табын текшертүүсү зарыл. Ал эми жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар, дене табы көтөрүлгөндөр мечитке келбей турушу керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Дин башкармалыгы баласынын жанын, мал-мүлкүн, ишенимин, ден соолугун сактоо негизги максат экенин айтып, жарандарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости