www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Басма-сөз кызматынын жетекчиси Галина Байтерек Кыргыз элине Кайрылуу жасады.
Урматтуу кыргызстандыктар! Катардагы жарандар, саясатчылар жана айрыкча журналисттер менен активисттер, коомдук пикирди жаратуучулар!
Биздин Мекенибиздин чегинде олуттуу жаңжал болуп жатат. Эки тараптан тең жабыркагандар бар. Бул каршылашуу, эки тараптан тең болгон тукуруулар менен чагым салуунун айынан узакка созулган согуштук аракеттерге айланып кетиши мүмкүн.
Тажик тарап да эстүүлүк кылып, чыр-чатактын өнүгүшүнө жол бербейт деп ишенебиз. Бирок биз, Кыргызстандын жарандары, эртең кандай күнгө туш болорубуз-чек арабызда кагылышуулардын андан ары уланышы же бир пикирге келип, ушул чыр-чатакты өчүрө аларыбыз ар бирибиздин иш-аракетибизден жана сөздөрүбүздөн көз каранды экендигин түшүнүшүбүз керек.
Азыркы тапта бардыгыбыз бир максат үчүн гана - өлкөбүздө жана чек араларыбызда тынчтыкты сактап калуу үчүн биригишибиз керек. Бул көбүнчө социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу бир заматта тарап кетип жаткан маалыматтардан көз каранды.
Ар бир сөз, фейк-видео, ушак-айыңдар – ушулардын бардыгы жаңжалдын отуна май тамызат.
Чагымчыл, агрессивдүү билдирүүлөрдөн алыс болуңуздар, текшерилбеген маалыматтарды таратпаңыздар! Мунун бардыгы жаңжалдын күчөшүнө түрткү берет. Окуялардын мындан ары кандай өнүгө тургандыгы бир гана бийликтен эмес, ар бирибизден көз каранды. Келиңиздер, бардык претензияларыбызды кийинкиге калтыра туралы. Азыр биздин сөздөрүбүздүн жана иш-аракеттерибиздин бардыгы “зыян келтирбөө” принцибине негизделиши керек!
Бир эле талаштуу аймак эмес, өтө көп нерсе кылдын учунда турат: бул - мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн түштүгүндө же түндүгүндө жашаганына карабастан, ар бир жарандын тынчтыгы жана жыргалчылыгы.
Биз кезектеги Югославия же Карабак болуп калбашыбыз керек, эгемендүүлүгүбүздү жана мамлекеттин бүтүндүгүн сакташыбыз керек. Ал эми тынчтык үчүн биз биригип, бардык күч-аракеттерибизди жана ойлорубузду өлкө жетекчилигинин чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча бардык аракеттерин колдоого багыттообуз зарыл.
Булак: NazarNews.kg