www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги абалга байланыштуу, Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу маалыматты Жоомарт Аматов билдирди. 

Ага кошумча, “Баткендеги кырдаал боюнча фонд чечим кабыл алып, дары-дармек, тамак-аш жана эң биринчи кезекте өмүргө өтө маанилүү болгон муктаждыктарды жеткиребиз. Баткендеги курч абал тезирээк тынч абалга келип, эл жай турмушка кайтсын деген тилегибизди билдиребиз.

Фонддун байланыш телефону: 0777 176 176; 0552 176 176”, - деп кошумчалады.

--Кыргызстандын келечегине эч качан кайдыгер карабайбыз. Биздин лидерибиз Райымбек Матраимов:

--"Оор күндөрү гана эмес, элге ар дайым жардам көрсөтүп тирек болуп туруу ар бир кыргыздын милдети", - деген. Кыргызда: “Түбү бирге биригет, учу бирге жазылат” деген сөз бар. Алакандай кыргыз эли ушундай оор кырдаалда биригип, бир муштум болушубуз керек. Кыргызстан – Борбор Азия аймагында түрдүү маселелерди комплекстүү чечүүгө келгенде өзүнүн өзгөчө орду бар республика. Ынтымакта, биримдикте болуп чоң мүмкүнчүлүктү колубуздан чыгарбай эгемендүүлүктү сактап калышыбыз керек, - дейт Жоомарт Аматов.

Уюштуруучулардын бири Турусбек Матиев, "Баткен Кыргызстандын Жүрөгү" аттуу штаб, Ош шаарынын аянтынан орун алды. Бул жерден кайдыгер эмес жарандарыбыз Баткен элине өз жардамын кошо алат. Уюштуруучу жамаатка жана "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фондуна, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго ыразычылыгын айтып, ар тараптан колдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтып дубасын берди", - деп билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости