www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге барат

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары чек ара маселесин карап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, ички иштер министри баштаган бир топ тийиштүү өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага Талант Мамытов баштаган эл өкүлдөрү абалды жөнгө салуу боюнча тез арада ыкчам чараларды кабыл алып, мыйзам чыгаруу органы катары бардык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

«Чек ара аймагында жашаган мекендештерге жардам көрсөтүү маселеси дагы каралды. Абалды жөнгө салуу боюнча депутаттар бир топ сунуштарын айтышты. Жогорку Кеңеш кабыл алган 3-майдан 7-майга чейинки эл өкүлдөрү аймактарда шайлоочулар менен иштөө боюнча токтом жокко чыгарылып, бул күндөрү иш ордуларында болуп, тийиштүү чараларды көрөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жумушчу топко кирген эл өкүлдөрү эртең Баткенге барып, элден кабар алуусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости