www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу кошуна мамлекеттин министрлигинин расмий сайтында айтылат.

Өзбекстан эки тарапты тең жоготууларга алып келген чек арадагы кырдаалдын курчушу боюнча маалыматты терең тынчсыздануу менен кабыл алган.

«Эки тарапты тең кагылышууну тез арада токтотууга чакырабыз. Аймакта чыңалуунун андан да курчуп кетпеши үчүн кырдаалды турукташтыруу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын министрлиги белгилегендей, талаш жагдайлардын баары Борбор Азиядагы бир тууган элдердин көп жылдык кошуналык мамилесинин алкагында сүйлөшүү, өз ара кеңешүү аркылуу чечилиши зарыл.

Өзбекстан кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тез аранын ичинде жөнгө салуу үчүн ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости