www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев Чүй облусундагы Арашан айылынан кымбат дача сатып алганы айтылууда. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Ал эми интернет колдонуучулары дагы жазып чыгышкан. 

--"Арашандан кымбат дачаны сатып алып, дүңкүйүп жатасың анан, Сыймык? Финполдон түшкөн акча ширин болуш керек, ээ?

Кымбат дача аялынын атына катталыптыр, жакында баары ачыкталат. УКМК текшерет экен", - деп жазган окурман.

Ал эми Сыймык Жапыкеевге кайрылганыбызда суроого так жооп айтуудан баш тартып, төмөндөгүдөй оюн билдирди.

--"Төрт сотых жерим, эмне болуптур? Ал мындай эле жер. Азыр эс алып жатам, кийин бул боюнча журналисттерге пикиримди сөзсүз айтам", - дейт Жапыкеев.  

--"Журналисттерге айтаар элем, мен азыр эс алып жатам. 

Кошумчалай кетсек, Сыймык Жапыкеев жоюлуп кеткен финансы полициянын төрагасы болуп эмгектенген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости