www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев аткарган иштери тууралуу айтып берди.

2020-жылдын 16-октябрында Финполго төрага катары дайындалдым. Финполдо өтө мыкты адистер жок эмес экен. Биринчи талабым инвесторлордун укугун коргоо, жана обу-жок текшерүүнү токтоттук.

Акыркы төрт айда Финпол мыйзамдуу жол менен 800 млн. сомдон ашык нак, банк аркылуу келтирилген мамлекетке зыян өндүрүлдү. Көп иштер боюнча соттук-бухгалтериялык экспертизаларынын корутундуларын күтүп калдык, кап жетишпей калдык...

Финпол баарына кирише албайт, экономикалык кылмыштардын бетин ачат жана тергейт. Коррупциялык кылмыштардын бетин ачат элек, бирок коррупциялык кылмыштарды Генпрокурордун уруксааты аркылуу эле тергейт элек. 

Мен мурун Кухнядан эмнелерди айтсам, бардыгы эле аткарылды. 

Мени ичип, жеп кетти дегендерге айтаар элем, же коркутуу жолу менен акча опузаласам айтышсын. Facebook турат. Же мыйзамсыз иш козготуп, пара талап кылган болсом айтышсын, жон эле каралоонун чеги болот туугандар», - дейт Жапыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости