www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев эмне себептен депутат Кубанычбек Жумалиев Финпол эмес, УКМК тарабынан кармалгандыгы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт. Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт. Финпол депутатка алыбыз жетпесе да, балдарын камаганбыз, бирок алар сот аркылуу чыгып кеткен. Бүгүн Жумалиевди УКМК басыптыр, бир чети туура болду. УКМКанын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин», - деп белгиледи Жапыкеев.

Ал учурда коомчулукка жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

«Акыркы күндөрү мени жамандап, ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай, тынч эле тура туралык. Жумушка жабышкан жокбуз. Бирок, Финпол буюрса калчудай. Сабырдуулука чакырам. Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер «Граф» коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун. Миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөш накта башталды», - дейт Жапыкеев.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-февралда Жогрку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, 4-апрелге чейин УКМКнын абагына камакка алынды.

Булака: NazarNews.kg

Последние новости