www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Мурдагы Финполдун башчысы кытай вакцинасы менен эмделгенин билдирди.

Ошондой эле ал жарандарды да эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

«Достор, «Китайский вакцина» алдым, караңгычылыктын кереги жок, Covid 19 Кытайдан башталган, алар вирусту буюрса утушту, эмне деген тартип, мээнет кетти, Кытай азамат!

Баары жараткандын колунда, бирок сактанганды сактаймын дейт. Достор вакцина алыш керек, Бир караңгы чалдар каршы чыгып жатышат, бул туура эмес. Эгерде ооруп калсанар 1000 долларга дарыланасыңар, вакцина алсаңар жуксада жеңил өтөт экен. Европа, Америка, Россия бары алып башташты. Дүйнөдө вакцина табылбай жатат. Вакцина алыш үчүн атайы бир мамлекетке барып сайдырып, ал жерде үч жума жашап, күбөлүгүн алып жатышат. Европада дээрлик баарысы алышты. А бизде өкмөт 1,2 млн. вакцинаны кызылдай акчага сатып келишсе, кээбирлери караңгычылык менен албайбыз деп отурабыз. Өкмөт бекер берип жатканда рахмат деп эле алыш керек, вакцина табыш дүйнөдө өтө кыйын болуп турат.

Достор азыркы маалда 1,2 млн. кыргыз Facebook колдонуучу экен, Кыргызстан КМШ да эң активдүү колдонучулар экенбиз. Instagramдан биринчи атаман экенбиз, кыргыздар жөнүндө жаман айткандан баары коркушат экен. Андрей Малахов бизге тийшип коём деп кайра бир жумада «плотно» кечирим сураган, интернеттен кыргыздар талап коюшкан. Достор жамандашканды качан токтотосуңар, мени сөккөндөр силердин деле Facebook турат, чыккыла айткыла, мен канча жолу кыргыз деп башты сайдым, коррупцияга мен биринчи каршы чыктым го, баарысы унчукпай отурганда. Кыргыз биринчи өзүнүн баатырларын жешет экен. Башкаларды узатып жиберишет экен, өтө кейиштүү», - деп белгилеген Жапыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости