www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТОРЕПОРТАЖ - «Эдельвейс» гүлдөп, чүрөгү аныкталды

Буга дейре «Ак-Мөөр FEST сулуулар» сынагы кыргызымдын дагы бир ажайып жери болгон келберсиген кең Соң-Көлдө, асмандагы ай толуп, анын нуру сүттөй болуп көл бетине төгүлүп турган саратан жайдын күндөрүндө, кыргыз периштеси Ак-Мөөр ак денесин көлгө чөмүлтүп турчу жерде өткөрүлүп келген. Акыркысында баш байгени жөнөкөй эле үй-бүлөөнүн мектеп жашындагы кызы, ата-энеси жайлоодо мал багып жүргөн чакта (Теңир-Тоолук) Айтурган Аскарова утуп алганы эсибизде. Бул саам, аталган конкрус кыргыз бермети болгон кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде, гүл символикасында алсак эрдиктин, ишенимдүүлүктүн, эркиндиктин, бийиктиктин маанисин туюндурган «Эдельвейс» эс алуу борборунда өттү. Аталган гүлгө мындай сыпаттама бергеним, чыны менен эле эдельвейс өзүнүн көркөмдүгү жана кол жеткистиги менен баалуу.

Бул гүл уламыштарда сулуу перинин ажырагыс сүйүүгө болгон көз жашынан жаралган деп да айтылып келет. Илгери мырзалар бул гүлдү жактырган айымына белек кылуу үчүн өмүрлөрүн тобокелге салып, жалама бийик аска-зоолордун чокуларына чейин чыгып издешкен. Ошондуктан эдельвейс эрдиктин жана ишенимдүүлүктүн гүлү болуп аталып калган. Ошондон уламбы, жалаң бийик чокуларда жүргөн альпинистер, мисалы «Евразиялык альпинистер союзу» өздөрүнүн эң өжөр,чыдамдуу альпинистерин «Эдельвейс» ордени менен сыйлашат. Буларды кошумчалаганым, уюштуруучулардын көл жээгиндеги жайнаган эс алуу борборлорунун ичинен ушул гүлдүн аталышындагы эс алуу борборун тандашканына токтоло кеткеним.

Ошентип, кыргызымдын кыйын, тың кыздарынын бири, «Жыл мыктылары» Улуттук долбоору сыяктуу мыкты долбоорлордун жаратманы, «Кыргыз биримдиги» коомунун уюштуруучуларынын бирден-бири, элибиздин элдик, патриот кызы Дана Абдыбекова түптөгөн аталган конкрус кечээ түн чамалап калганда аяктады. Сынакка кымча бел, кызгалдак мүнөз Ак Мөөр периштенин 12 сиңдилери катышты. 12 дизайнер колдоп берди аларды.

Соңунда 9 кишиден турган калыстар тобу баш байгени 7-номерлүү Алтынай Ботоярова деген чүрөккө ыйгарышты. Белгилей кетчү нерсе, кульминациялуу нерсе-биринчи жолу мындай сынакта жеңүүчү адаттагыдай «каяктык? «каяктын кызы?» деген айтылган жок. Уюштуруучулар «алакандай элбиз, ал-Кыргызстандык, кыргыз кызы!» деген жылуу аккорд менен аяктаганында болду.

Кенжебек Арыкбаев, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости