www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Үрккөн 345 кыргызын кошунасынан сурап өткөрүп алалбаганы кейиштүү болду. Мындай пикирди журналист Канышай Мамыркулова социалдык баракчасына жазды.  

--"Оогандык кыргыздардын Тажикстанга кире качуусун "Кичи Үркүн" деп койсо болот.

1916-жылы Чоң Үркүндө качкан кыргызды кытай бийлиги кайра артка кайтарган эмес. 1932-жылы кичи Үркүндө Кытайга кире качкан кыргызды кытай бийлиги оруска берген эмес. Бир канча жолу Үркүн башынан өткөн кыргыз Эгемен мамлекетке ээ болгондон кийин үрккөн 345 кыргызын кошунасынан сурап өткөрүп алалбаганы кейиштүү болду.

Кыргызда "сурап аларың барбы?", "сурап аларың жок" деген өтө жаман сөз бар. Оогандык кыргыздардын сурап алары жок экени билинди", - дейт журналист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости