www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын аскерлери Орусия жана Тажикстан менен биргеликте тажик-ооган чек арасында машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.
Коңшу өлкөнүн жазган маалыматына ылайык, 1-августтан 10-августка чейин Хатлон багытындагы тажик-ооган чек арасында, аталган үч өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн чоң масштабдагы биргелешкен аскердик машыгуулары өтөт.
Орус, өзбек жана тажик аскерлеринин террордук иш-аракеттерге каршы аскердик машыгуулары тажик-ооган чек арасында жайгашкан Харбмайдон согуш талаасында жүзөгө ашырылат. Аскердик окууга үч өлкөнүн аскер аба күчтөрү, абадан коргонуу күчтөрү, брондолгон техникалар жана аскерлери катышат. Аскердик окуунун негизги темасы Ооганстандагы террористтердин тажик тарапка басып кирүүсүн алдын алуу жана үч өлкөнүн аскер күчтөрүн координациялоо болуп саналат.
Ошондой эле, бул иш-аракеттер Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын ишке ашуу алдында турган алгачкы толук кандуу аскердик окуусу болорун басылмалар белгилешти.
Булак: NazarNews.kg