www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыркы заманда сыйлыктын сыйы кеткенин, наамды татыктуулар эмес, тааныштар алып жатканы өкүндүрөт», - дейт журналист жана коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов.

Анын айтымында, адамдын кулк-мүнөзүн бузган – сыйлык.

«Адамдарды наамына жараша төргө отургузган заман болуп калды азыр.

Алсак, Майра Керим кызында бир да мамлекеттик сыйлыгы жок болчу. Бирок, ал өзүнүн кадырын билген. Майра Керим кызы: мен өлсөм, менин сөөгүмдү филармониядан чыгарса деп тилек кылган экен.

Сыйлыктын баркын, сыйлыктын артында кандай адамдар турат, наамга ким татыктуу экенин билбеген бийлик пайда болду.

Ошол кезде мамлекеттик наам ыйгаруу таптакыр эле жоюлат экен деп ойлгонбуз. Жок. Эртеси эле өздөрүнүн жан сакчыларына олчойгон-олчойгон ордендерди бере салышты.

Мына азыр наамдарды сатып алып жатышат. Соодалашып отуруп сыйлык кадырын кетирип алышты. Ушунун баарын ойлоп, зээниң кеийит. Бул сөз кылууга да татыбай турган болуп, деңгээли ушунчалык төмөн болуп калды.

Сыйлык деген – патриоттуулукка, маданиятты сүйүүгө, умтулууга үндөөр эле», - дейт Бекешов.

Эске салсак, таанымал кыргыз журналисти Бейшенбек Бекешов 27-декабрда жүрөгү кармап, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

61 жашында дүйнөдөн кеткен Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, жаран катары жигердүү жашаган, КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген, интернеттин коомдук тармактарында жандуу катышкан инсан эле.

1990-жылдары ал КТРдеги (азыркы КТРКдагы) “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган.

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов кечээ, 29-декабрда өзү туулуп өскөн Түп районундагы Балбай айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекетик жана маданий ишмерлер, журналисттер, жакын санаалаш достору жана жакындары катышты.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости