www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк рейтинг боюнча «Жылдын мыктысы» катары он киши аныкталган. Ошолордун бири Садыр Жапаров болсо, дагы бири Илхом Алиев. Быйыл Тоолуу Карабахта Азербайжан менен Армениянын ортосунда болуп өткөн согуш Бакуга бак алып келди. Баку менен катар Азербайжанга колдоо көрсөткөн Түркиянын президенти Эрдоган «Жыл мыктысы» катары аныкталды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев колдорун ачып-жуумп санап Садыр Жапаровдун президент боло турганын алдын-ала чечип койду. Ошондуктан кесиптеши Байрамов менен байланышып Садыр Жапаров президент болорун айтып, биринчи иш сапары тууралуу талкуулап, Азербайжандын президенти Илхом Алиев менен боло турган жолугушууларды алдын-ала тактады. Кыргызстандын президенти шайлоодон өтөөр менен биринчи иш сапарын Орусияга жасай турган эле, Москвада Владимир Путин менен жолугушуп батасын алган соң башка жактарга иш сапарын жасай турган. Бул ирет бул адат бузулдубу же министр Руслан Казакбаев «Өзүн өзү билип өтүгүн төргө илип жатабы?»

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости