www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төө минем деп жөө калган Ташев кайда качып жүрөт?

"КЖ Групп" деген курулуш компаниясынын кожоюну Имамидин Ташев учурда тышта өлкөдөн сырткаркы аймакта качып жүргөнү сөз болуп келет. 

Учурунда Ташевдин ташы өргө кулап, борбордо курулган турак жайларынан атактууларга, үйү жок кыйналгандарга үй берген сертификат тапшырып жатканын атайын сүрөткө, видеого тарттырып өзүн катуу пиарлаган эле. 

Бирок, калптын казаны кайнабайт демекчи, үй бердим деген адамдары эч кандай үйгө киришпегенин айтышып, Ташевдин пиары жалганга чыгып көптөр жерге түкүрүшкөн жайы да бар. 

Кызыгы, өзүнүн пиарына өзү ишенип алып, 2020 жылы Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулгандан кийин президенттик шайлоого катышып, өлкө башкармакчы болуп ээлгип, желпилдеп чыкты. 

Тилекке каршы, ошондон соң оңгон жок. Президент болом деген дымактуу неменин курулуш компаниясы салыктарды толук жана убагында төлөбөгөнү, ошону менен катар ал курган турак жайлардан үй алууга алдын ала акчасын төгүп, бирок үйгө жетпегендерден арыздар кабаттап түшүп, кылтакка илине турган болгондо Кыргызстандан куйрук түйүп чыгып кеткени айтылып келет. 

Эми качан кайтат, мыйзам чегинде качан жооп берет деген маселе ачык бойдон турат.

Последние новости