www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Таабалды Тиллаев бала бакчалардын кызматкерлерин, балдарды коронавируска анализ тапшыргыла деген талаптар болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Эртеңден баштап бала бакчалар ачылат. Бирок кечээтен бери мага Бишкек шаарынан бир топ ата-энелерден кайрылуулар келип жатат. Аларды райондук администрацияларда акимдин орун басарлары чогултуп, ультиматум коюп жатыптыр. Ар бир бала, бала бакчалардын кызматкерлери вирус боюнча анализ тапшырбаса, силердин бала бакчаңарды ачпайбыз деп жатышкан экен. Анализ тапшыруу 2 миң 300 сом. Аны алар кайдан тапмак эле? Бул ата-энелер, кызматкерлер үчүн чоң акча. Мамлекетке жардамдар келип жатат. Эл аралык уюмдар, жеке ишкерлер беришүүдө. Бүгүн бул маселени республикалык штабдан карап, чечип бериши керек", - дейт Тиллаев.
Булак: NazarNews.kg