www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кулагыңа күмүш сырга
--Табылды, агай, “шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот” дейт эмеспи, анын сыңарындай шайлоо бүттү, бирок өлкөдө абал турукташа элек. Утулган партиялар митингдерди уюштуруп баштады. Бийликти колдогон күчтөр алардын лидерлерин сабоону башташты. Чын эле баягы авторитардык режимге кайтып келдикпи? Конституция дагы монархиялык режимди бекемдеген дешет. Деги эле Кыргызстандагы авторитардык режимдин өзгөчөлүгү эмнеде?
--Кыргызстанды А.Акаевдин мезгилинен бери авторитардык режим өкүм сүргөн өлкө деп айтып келатабыз. Албетте, 2010-жылкы революциядан кийин өлкө парламенттик республика деп таанылып, бир аз болсо да президенттин бийлиги алсызданган. Бирок, А. Атамбаев ага карабай эле монархтай башкарды. Кыргызстанда мейли А.Акаев, мейли башкасы болсун, баары эле Конституцияны алмаштырып, өздөрүнө ылайыкташтарып жазып алып жатты. Бирок, ошол эле учурда Конституция боюнча президент эч нерсеге жооп бербейт. Б.а. ал өз колуна бардык күчтү, бийликти топтоп алып, эч нерсеге жооп бербегендей кылып жаздырып алып жатты. Тажикстанда да ушунадй абал байкалат. Муну политология илиминде жоопкерсиз монархия деп коет. Бүтүндөй өлкө президент-монархтын колунда, бирок ал эч нерсеге жооп бербейт. Ошого А.Атамбаев Акаев-Бакиевдердин бийлигин ажыдаарга салыштырып жүрбөдүбү. «Ак үйгө келип, президенттин креслосуна олтурганда эле, ажыдаарга айланып кетишет» деп сындап жүрүшпөдү беле. Кыргызстанда Президент монархтай ыйгарым укукка ээ болгусу келет. Бирок, ошол эле учурда эч нерсеге жооп бергиси келбейт.
--Эмне үчүн Кыргызстан ушундай жол менен кетип калды?
--Менимче, А.Акаев бийликке жаңы келгенде өзүнүн кийинкисин ойлонуп, Конституцияга атайы өзүн эч нерсеге жооп бергис кылып жоболорду киргизип койгон. Себеби, А.Акаев өзү мамлекеттик кызматта иштеген эмес, окумуштуу болгон. Ошого ал кайсы бир нерседен жаңылып калбайын деп, алдын алып койсо керек. Акаевден кийинкилер болсо, Конституцияны өзгөрткөндө анын ыкмасын колдонуп келатышат. Ошого Кыргызстан бүгүн жоопкерсиздик өкүм сүргөн конституциялык монархиянын кейпиндеги мамлекет десек болот.
--Шайлоонун жыйынтыгына нааразы саясий партиялар митингдерди уюштуруп жатышат. Бирок, жер-жерлерлерде бизге тынчтык керек деген да топтор чыгып жатат. Кечээ Бишкекке эки автобус менен келип Ө.Текебаевге кол көтөрүп, уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Эмне кылуу керек?
--Бул жолу парламенттик шайлоолор мурдагыларга карганда алда канча дурус өттү. Мисалы, мугалимдер, врачтар үгүт иштерине колдонулган жок. Бирок, акча өтө чоң роль ойноду. Ошого кечээ эле түзүлгөн партиялар парламентке өтүп кетишти. Парламенттик шайлоолор бүтүп, анын жыйынтыктарын чагылдырууда серверден мүчүлүштүктөр кетип, шайллолордун жыйынтыгна чоң күмөн жаратып койду. Сервер андан кийинки күндөрү да токтоп калып жатканын жазып жатышты. Бул шайлоонун жыйынтыктарына ишенбөөчүлүктөрдү жаратып жатат. Себеби, Кыргызстанда адатта шайлоодон кийин байкоочуларга дароо протоколдорду бергилери келбей, аларды залдан чыгарып жиберүүгө аракет кылышат. Бул жолу да көптөгөн байкоочулар протоколдорун ала албай калган. Бирок, ошол эле учурда ири партиялар дайыма протоколдорунун көпчүлүк бөлүгүн алууга жетишишет. Ошого БШК оңдоп коет дегенден коркпой эле койсо болот. Себеби, протоколдорду салыштырып, канчалык оңдоолор болгонун билип койсо болот. Сервер өчкөнгө чейин протоколдордун 50-60% таркалып кеткен деп жатышат. Ошого көп деле көйгөй кылбай, сабырдуулук менен күтүп туруу керек. Акырындык менен баары өз орудан келет деп ойлойм. Талаштарды күч менен эмес, мыйзамдуулук менен чечүүгө аракет кылыш керек.
--Парламентке өтпөй калган партиялар кайра шайлоону талап кылып жатышат. Бийлик тарап ага карманча каршы. Бийликтин колдоочулары Бишкекке чейин кирип келишүүдө. Чоң чатакка айланып кетпейби?
--Ооба, азыр көпчүлүк кыргызстандыктарды ушул маселе түйшөлтүп жатат. Булар чекишип олтуруп, ортодо от чыгып кетпейби деп. Менимче, бул маселеде бийлик өтө астейдил мамиле кылыш керек. Арийне, бийлик сервердин бузулушуна байланыштуу өлкөдөгү саясий кризисти бир калыпка салгандын ордуна, кайра тескерисинче, аны огобешбетер оорлотуп баштаганын түшүнүшү керек. Муну биринчи кезекте С.Жапаров менен К.Ташиев түшүнүшү керек. Алар бүгүн бйиликте, алардын чечиминен көп нерсе көз каранды. Эгер алар кичинекей эле ката кетирсе, анда абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Мына Шайылдабекова айтып жатпайбы, “кичинекей эле ката кеткен” деп, бирок жөнгө салыш кыйын болуп жатпайбы.
Күч менен коркутуп эч нерсеге жетише алышпайт. Күч менен коркутмак турсун, саясатчылардын баарын атканын атып, куугунтуктап, качырганын качырып, өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз кылып жаткан К.Бакиев элди жеңе алдыбы? Жеңе алган жок. Тескерисинче, өзү бийликтен жылбышты. Жер-жерлерлерде жигиттер чогулуп алып опопзицияга тап берип жатышат. Бишкекке да келип тап берип коркутуп жатышат. Бирок, муну менен бийлик өзүн эле оңтойсуз абалга калтырып жатат.
Эртең, бүрсүгүнү эле оппозицияны эл колдоп кетсе, ушул эле жигиттер, элди жетектеп келип, бийликтин өзүн кулатат. Муну көрбөдүкпү. Акаев деле ак шапкечендерди чогулта коем деп кулаган. Мына «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» баарына акча таратып добуш сатып алды эле, жаштар ошол акчага Бишкекке келип өздөрүн жок кылды. Бирок, чынын айтсам, азыр бийлик эйфорияда, эч кимди укпайт. Мындай абалда бийлик бир кулаганда гана эсине келиши мүмкүн.
Мына биз эксперттер дайыма жазып келатабыз, Р.Отунбаева, А.Атамбаев, С.Жээнбеков эксперттердин, полдитологдордун пикирин бир аз да болсо угуп, кемчиликтерди жоюуга аракет кылышчу. Айрым кадамдардан баш тартып да койгон учурлар болгон. Ошого бийлик да элдин пикири менен эсептешип иш кылса жакшы болмок. Мисалы, бүгүн Кыргызстанда баарын кызыктырган маселе, «Ишениим», «Альянс», «Эл үмүтү» партиялары. Аларды көп айтып жатышат. Мисалы, мен бир ашта болуп калдым, «Ишеним» менен «Эл үмүтү» партиясы кантип өтүп кетти деп таң калып жатышат.
Себеби, бул партиялар жаңы эле түзүлгөн эле да. “Бир айдын ичинде ушунча көп добуш ала албайт болчу, эч деле иш кылышкан жок” деп жатышат. Социалдык сурамжылоолорда да булар өтпөй турган партиялардын катарында болчу. Баарынан кызыгы, «Эл үмүтү» партиясы кол санактан кийин гана өткөн партиялардын катарына кошулуп олтурат.
--Мурдакы шайлоолордо ушундай окуялар болду беле?
--Болгон. К.Бакиев бийликке келгенде дал ушинтип, шайлоолордрн кийин чоң соода жана талаш башталып кеткен. «Ата Мекен» партиясына 15 мандат менен гана киргиле деген, артында сүйлөшүүлөр болгон. «Атамекенчилер» “бизге өз добушубузду толук бергиле” деген. Акыры “Ата Мекен» пардаментке кирүүдөн баш тарып, анын ордуна коммунисттер кирип кеткен. Анан эмне болгонун көргөнбүз, элдик нааразычылык башталып кетип, К.Бакиевдин бийлиги кулаган.
--БШК эми эмне кылуусу керек?
--Бул иште БШКга баарынан кыйын болуп жатат. Акүйдү карап көнгөн жандары, эмне кылышты билбей жатат. Бирок, баарын Акүй айтса да, айтпаса да ал каалаган ишти аткарып бериши керек. Антпесе, булардын келечеги туңгуюк болуп калат. Саясий өлүккө айланыштары мүмкүн. Бирок, БШК бир нерсени түшүнбөй жатат. 5-октябрда Акүйдүн көмөчүн тарткан БШК үчүн кан төгүлгөн. Эми да БШК үчүн кан төгүлүп кетиши мүмкүн. Чатак бир аз ырбаса эле тараптар чабыша кеткени турат. Анан баарына БШК күнөөлү болуп калат. Акүйдөгүлөр т.а. бийлик саясий чечим кабыл ала берет. Себеби, Президенттин институту, өкмөт саясий орган. Ал эми БШК бул калыс, эч кимге тартпай, өз ыйгарым укуктарында кылдат иш алып барып, шайлоолорду туура өткөрүп берүүгө милдеттендирилген орган. Ошондуктан, эгер абал контролдон чыгып кетип, кан тогулуп кетсе, БШК баарына күнөөөлү болуп, жооп берип калышы ыктымал. Президенттин интситутут да, өкмөт да БШКны сары улак кылып садага чабышы мүмкүн.
--Соцтармактарда Шамурза Бөрүкулов деген активист Текебаев менен Алини сабап, камап салсаңар эле митиңчилер таркап, баары тынчып калат дегендин эртеси Ө.Текебаевге кол салуу болгонун айтып жатышат...
--Ооба, Ш.Бөрүкулов жөнүндө айтып жатышат. Бирок, анын ким экенин эч ким билбейт экен. ИИМ кызыгып көрсө болот го.
--Авторитрадык режимдин дагы кандай өзгөчөлүгү бар?
--Авторитардык режимде бийлик оппозиция менен күрөшөт. Бийлик менен оппозициянын ортосунда дайыма карама-каршылык окүм сүрөт. Бийлик оппозиция менен күрөшүп, анын саясий талаадан сүрүп чыгарып салып, жалгыз өзү, эч ким тараптан көзөмөлсүз өлкөнү башкарганга аракет кылат. Жеке демилгелердин басылып, бийлик негизги ролду ойнойт. Бирок, Кыргызстанда үч жолку революция авторитардык режим элдин эркине туруштук бере албастыгын, алсыз экенин көрсөттү. Менимче, азыркы бийлик Кыргызстанда авторитардык режим орнотууга аракет кылбай, тескерисинче нукура президенттик системаны курганга аракет кылыш керек.
--Текебаедин сабалышы, бул авторитардык режиимдин орношунан кабар береби?
--Ө.Текебаевдин сабалышы бийликти оңтойсуз абалга салып койду. Бул туура эмес. Муну кимдер уюштурса да, чолок акылдык кылды. Өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүп, андан чыга албай жатсак, айрымдар абалды андан ары курчутууну көздөп жатышат. Менимче, ИИМ муну дыкат изилдеп чыгып, кунөөлүүлөрдү жоопко тартуусу зарыл. Болбосо, бул бийлик тарабынан уюштурулган иш катары кабылданып калышы мүмкүн.
--Сервердин өчүп калышы, канчалык залал тийгизди?
--Биринчиден, сервердин өчүп калышы С.Жараровдун шайлоолорду таза өткөрөбүз деген аракеттерине, УКМК жана БШК көө сүйкөп койду. Бүгүн бул маселени туура жолго салып, туура чечип кетүү үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл. Керек болсо, кайра шайлоолорго да барууга дайын болуш керек.
Булак: Жаңы Ордо гезити