www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү революциядан кийин эле байып кетти деген пикирге кошуласызбы?
-- Бүгүн өлкөдө эл берген ишенимди, мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалануу жүрүп жатканын мен эле эмес, жалпы коомчулук көрүп, билип, жүрөгү менен туюп турат. Бирок, парламенттин колунан эч нерсе келбей калды. Бүгүн өлкөдө Конституция, мыйзамдар иштебей калды. Граждандар өз укуктарын коргой албас абал өкүм сүрүүдө. Бирок, эң кейиштүүсү, өлкөдө болуп жаткан процесстер, саясый куугунтуктар бир ууч адамдын кызыкчылыгында эле болуп жатат. Мен дагы Ф.Куловдун президенттин тегереги деген сөздү, бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн дедим.
Эл бардыгы эки эле адамдын кызыкчылыгында жүрүп жатканын айтып жатат. Анын бири Ак үйдүн 7-кабатында, ал эми экинчиси УМКК төрүндө отурат деп жатышат. Бүгүн өлкөдө ачык куугунтук болуп жатканын ар бир чай ичкен жерден же кухнядан айтып калышты. Бакиев да кулаар алдында жаштар «беспредел болуп калды» деп айтып калышкан. Кийин ошол жаштар чогуусу менен келип, Акүйдү курчап, Бакиевдерден акыйкат сурап, кетүүсүн талап калышкан.
Бүгүн да жаштардын арасында «беспредел болуп калды» деген сөздөр айтыла баштады. Бийлик Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 7-апрелден киийн байып кетти деген шылтоо менен саясый оппонеттерине «охота» уюштуруп жатат. Ар кандай жалаалар менен Ө.Текебаев камалып отурат. Бийликтин башка саясый оппоненттерине да кылмыш иштери катар-катар ачылып жатат. Ошол эле учурда Ө.Текебаевдин аракеттери менен чыныгы мародерлукту, Бакиевдердин мүлктөрүн азыркы бийликте турган адамдар жана алардын жакындары жасагандыгы ачыкталып отурат.
-- Бул сөзүңүз менен Убактылуу өкмөттүн кайсы бир мүчөлөрүнө жан тартып жатасызбы?
-- Жан тартуу эмес. Эгер Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү байыды дешсе, бийликтегилер деле алардан кем калбай байыганы, керек болсо алардан эки-үч эсе көбүрөөк байыганы анык болуп отурат. Бирок, наадандык, көралбастык, ичкүйдүлүк бийликтегилерди ачуу чындыкка моюн сундурбай, кара күчкө салып өзүнүн саясый оппонеттерине беттырмарлык мамиле кылууга түртүп жатат. Чынын айтсам, ММКларда бийликтегилердин байлыгы тууралуу канчалаган материалдар чыкпады? ММКлар 7-апрель революциясына чейин жөнөкөй унаасы жок жигиттердин бийликке келгенден кийин бир эмес эки-үч «Жип» машинесине, бир эмес үч ТВканалына, мал баккан кашарларга, чакан ишканаларга ээ болуп алышканын жазып бүтүрө албай коюшту. Байлыктарын санай албай калды.
Ошонун бардыгына тең бийлик эч кандай реакция берген жок. Акыйкат үчүн да бул байлыктардын баары маңдай тер акчага табылды деп билдирип коюуга жарашкан жок. Бирок, ошол эле учурда өз саясый оппоненттерине атайын операцияларды уюштуруп, жалаанын негизинде камап жатышат. Же «базардагы кемпир айтты» деген негиздемеде камакка алып жатышат. Эч далили жок. «Мен уккам, үчөөбүз турганбыз» деген сөзгө ишенип, камакка алышууда. Кудум эле репрессия жылдарындагыдай окуялар башыбыздан өтүп жатат. Бийлик өз оппоненттерин бизден байып кетип, бийлигибизге көз артып жүрүшпөсүн деген кооптонуунун негизинде куугунтук уюштуруп жатат. Себеби, 7-апрель революциясынан кийин ким гана байыган жок. Карапайым элден башканын баары байыды.
Өзгөчө ошол кезде бийликке келген наадандар, жүзү каралар байыды. Себеби, Бакиевдердин убагында эле мындай шойкумдар үчүн баюу жолу чабылып калган. Бийликти пайдаланып, саясатчыны камап алып, анын байлыгын тартып алуу ошол кезде эле жолго коюлган болчу. Азыркы бийликтегилер да ошол мыйзамдуу рэкет жолун кеңири колдонуп байыды десек болот. Мисалы, К.Ташиев, М.Мырзакматовдор президенттикке талапкерлигин коюшарын дайыма билдирип келишкен. Бирок, экөөнө тең кылмыш иши ачылган. Ошондон кийин экөө тең телевидениелеринен ажыраган.
-- Демек байлыктары туурасында маалыматты ачыктоо мүмкүн эмес турбайбы?
-- Менимче, бүгүн ким кандай байыды деп бирин-бири чукугандын ордуна өлкөнү бул туңгуюктан кантип чыгарабыз деп чогуу-чаран аракеттенишсе, мамлекетке да, элге да чоң пайда болмок.
Булак: "Азия Ньюс"