www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги тайгак жолдо баратып жаракат алуудан кантип сактануу керек экендиги тууралуу айтып берди.

Жаракат алып калбоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

Коопсуз жолду тандаңыз - жарыктандырылган, муз азыраак, кум чачылган жолдорго артыкчылык бериңиз. Эсиңизде болсун, муз каптап калган канализациялык люктардын капкактары жана дүкөндүн тепкичтери кооптуу. Ошондуктан, мындай тепкичке чыкканда, кармагычтарды кармануудан тартынбаңыз. Ал эми калың муз тоңгон учурда алгач ар бир тепкичке эки бутуңуз менен чыгып, андан кийин гана кийинки кадамга туруңуз.

Бут кийимге өзгөчө көңүл буруңуз. Ал тайгаланбаган, туруктуу, эң жакшысы резина же таманында оюктары бар болушу керек. Бийик такалуу бут кийимдерден баш тартыңыз. Эгерде, болбой эле бут кийим тайып кетсе, атайын тикенектүү саптамаларын колдонуңуз. Таманга кайчылаш же тепкич сымал кылып лейкопластырь да чаптап койсоңуз болот, бул убактылуу жардам берет.

Бутуңузду бийик көтөрбөшүңүз керек. Лыжа тебүүчү сыяктуу кыймылдап, майда кадамдар менен бутту толук жерге тийгизип басып, жантайыңкы жерлерден айланып өтүүгө аракет кылыңыз. Муз үстүндө басууда кадамыңыздын узундугу таманыңыздын узундугуна барабар болушуна аракет кылыңыз.

Колуңузду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Жыгылганда аларды инстинктивдүү түрдө алып чыгууга убакытыңыз жетпей калат.

Көчөгө чыкканда улгайган адамдар таяк алып жүрүшү керек. Кош бойлуу аялдар коштоочусу жок чыкпаганы оң, жалгыз жүрүү болочок эне үчүн да, бала үчүн да өтө кооптуу.

Жолдун унаа жүргөн тарабында өзгөчө этият болуңуз. Аны чуркабай, жай баракат кесип өтүңүз. Анткени, тайгаланып жыгылышыңыз мүмкүн. Ал эми мындай кырдаалда айдоочуга унааны дароо токтотуу кыйын экенин, унааны токтуу аралыктары бир топ узарарын унутпаңыз.

Автобустан же троллейбустан чыкканда кармагычтарды кармаңыз. Жылып бараткан транспортту кууп жетүүнүн кереги жок, тайгаланып, дөңгөлөктөрүнүн астында калуу коркунучу бар.

Муздуу көчөлөрдө мас абалында жүрүү кооптуу. Ичкиликтин таасири астында оор жаракат алышы мүмкүн. Алкоголь ооруга сезимталдыкты азайтат, ошондуктан көп адамдар дароо медициналык жардамга кайрылышпайт.

Имараттардын чатырларында муздун пайда болушуна өзгөчө көңүл буруу керек. Мүмкүн болсо, кыймылдын коопсуз жолун тандап, үйлөрдөн жана башка курулуштардан коопсуз аралыкты сактоо зарыл.

Эгерде тайып жыгылып, башыңыз ооруп, көңүлүңүз айланып, башыңыз айланып, муундар ооруп, шишик пайда болсо - дароо медициналык мекемеге кайрылуу керек!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости