www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганды облусунда талаа өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен жергиликтүү тургундардын негизги киреше булагы болгон жүздөгөн мал-жандыктар кырылып калды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя болгон жерден тартылган видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланган. Белгилүү болгондой, Улуутоо районунун Байконур айылында эле 300дөй мал өлгөн.

"Керегетас, Ойшыбар, Калыбай, Демеубай, Сарысай, Кызылсай, Ермек жана башка айылдардын тургундары жабыр тарткан. Айылдыктар алардын көйгөйүнө көңүл буруп, маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун таап берүүнү өтүнүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-июлда Караганды облусунда 12 табигый өрт очоктору көзөмөлгө алынган.

4-июнда кечинде, жергиликтүү тургундар Улуутоо районунун аймагындагы Коскол айылынан түндүк-батыш тарапта 40 чакырым алыстыкта ​​күйүп кеткен УАЗ автоунаасын табышкан. Анын жанында 1998-жылы туулган эркек кишинин күйүп кеткен денеси табылган. Каза болгон адам ыктыярдуу өрт өчүрүүчү топтордун катарында болгон эмес жана талаа өрттөрүн өчүрүүгө катышкан эмес. Өлүмдүн себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости