www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID: Кайсы учурда ПЦР-тест жаңылышы мүмкүн

Кандай учурда COVID-19ду аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгы ката чыгып калышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде терапевт, токсиколог, жогорку категориядагы дарыгер Алексей Водовозов айтып берди.

Роспотребнадзор мекемеси анализ туура чыгышы үчүн тест тапшырганга чейинки үч саат ичинде тамактанбай, тишти жана мурун көңдөйүн жуубай турууну сунуштайт.

"Эгер анализ тапшырар алдында киши суу ичип же чылым чегип койсо, вирустун кайсы бир бөлүктөрү "жуулуп" кетет дагы кийин анализ башкача чыгып калат", — деди Водовозов.

Ошондой эле адис анализ үчүн материалды алып жаткан учур дагы өтө маанилүү экенин кошумчалады.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска анализ алып жатканда зондду адамдын мурдуна көзүнөн жаш чыгып кеткиче, тагыраагы, тереңирээк киргизүүнү сунуштайт. Бери жагынан алынган анализ дагы туура эмес чыгып калышы ыктымал", — деди адис.

Ал кошумчалагандай, анализдин ката чыгып калган жыйынтыгынан улам дарылоо кечиктирилип, оору күчөп кетиши толук мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости