www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Садыр таза иштебесең мен сага биринчилерден болуп каршы чыгам" дегем. Мындай пикирди саясатчы Жылдыз Жолдошова социалдык баракчасына жызып чыкты. 

--"Садыр 2020-жылы ноябрь айында "Ала-Тоо 24" телеканалынан "Исхак Раззаковтой таза иштебесең мен сага биринчилерден болуп каршы чыгам" деп айткан элем. Себеби, элдин акыркы үмүтү, ишеничи сенсиң. Эгерде, элибиз сага болгон ишеничинен, үмүтүнөн тайганалып кетсе "сынып" калбасын деген "жоопкерчилик" менде өтө чоң. Таза иштей бергиле, силерге эч ким тоскоолдук кылган жок, "абсолютный" бийлик өз колуңда.

Туура берген сунуштарды, туура кабыл албай жугундукорлоруңа кайра-кайра жаздырасың. Мени эле эмес, чындыкты ким айтса, болгондо да авторитеттүү инсандарды ит айтпаган сөздөр менен жаздыртып. Коомго, акылга сыйбаган тарбия таалимди киргизип жатасыңар. Бул өтө коркунучтуу нерсе, кандай гана, күчтүү идеологияны алып чыкпагын, керек болсо бул "ыкма" тебелеп коёт. Мага эмес, коомчулукка зыян алып келе турган нерсе.

Койчу эми десе, чээнден чыгып баратасыңар. Ушунун баары, кайрып өзүңөргө "муш" болоору анык, анткени жашоо өзү бумерангдан турат.

Дагы бир жолу кайталап коёюн, иштей бергиле, силерге эч ким тоскоол болгон жок. Садыр иним, "абсолютный" бийлик өз колуңда. Бир гана сураныч, башка "кан" төгүлүүгө жол бербегиле", - дейт Жолдошова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости