www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтобай мырза улуттук госпиталдын башкы дарыгери болгонуна бир жылдын жүзү болуп калды. Буга чейин болуп келген көйгөйлөрдү өз көзү менен көрүп, тийешелүү чараларды өз убагында жасоо менен госпиталда кадыр-баркы өтө жогору. Сөз учугун улап, учурдагы адамзатына эң коркунучтуу бүткүл дүйнөлүк пандемия жөнүндө баарлаштык.
- Токтобай мырза, сиз жетектеген улуттук госпиталда бүткүл дүйнөлүк пандемияга каршы кандай иш-чаралар жүрүп жатат?
- Улуттук госпиталдын ковидге карата даярдыктары абдан жакшы. Алдын ала 350 койкалык борбор ачкам. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө 381 бейтапка жетти. Анын 202си оор абалда. Демек, бейтаптардын акыбалы оорлоп атат. Элди талаага калтырган жокпуз. Дагы 120 койканы нейрохирургиялык корпуста ачып атам, кечке чейин ачылып, даяр болуп калат. СИЗден эч проблема жок.
Дарыдармектердин баары жетиштүү. Кадр маселеси деген бар. Эртең менен жумушка келип, өзүм да абдан ыраазы болдум, эндокринология бөлүмүндө иштеген биздин кызматкерлердин баары “жардам кылалы, иштейли” деп атканына. Кычкылтек концентратордон миңге жакын бар. “Сипап” жана “Бипап” аппараттары бизде бар, ал жагынан эч ойлонгон жокмун.
- Ошентсе да көйгөйлөр жок эместир?
- Эми менин бир гана көйгөйүм: эл түшүнүп, вакцинациядан өтүүсү керек. Каалайбызбы-каалабайбызбы, башка жол жок. Элдин көпчүлүк бөлүгү вакцина алса, анда ооругандар да азаят. Адамда иммунитет болуш керек. Эгер артка бир кылчайып карасак, аркы кылымдын 20-жылдарында инфекциялык оорулар болгон. Натуралдык оспа, кара тумоо, корь, ж.б. Алардын баарын вакцина менен жеңбедикпи!
А бүгүн “вакцина албайм, ойлоном” деп жатышат. А ойлонгуча эле адамдар кырсыкка учурап калып атпайбы. Дагы бир жолу айтам, дүйнө жүзүндө болуп аткан пандемияга каршы бир гана жол бар – санитардык-эпидемиологиялык режимди сактап, вакцина алыш керек! Анан убагында врачтарга кайрылыш керек. Баардык протоколдор боюнча дарылоону врачтар билет. Өкмөт болушунча акчасын берип жатат.
- Вакцина демекчи, биздин Кыргызстанга кайсы вакциналар келди? Алардын эффективдүүлүк жагына токтоло кетсеңиз?..
- Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иштеп чыккан эрежелерин сактаганыбыз оң. Ансыз биз өзүнчө мамлекет боло албайбыз. Жеке өзүм синафармды алгам. Жеке эле мен эмес, карамагымдагы кызматкерлердин баары алышкан. Андан кийин Россиянын Спутник-V, AstraZenaka ж.б. чыгып жатат.
Кандай болгон күндө да вакцина – бул шанс. Бирөө 95% дейт, бирөө 70% дейт. Ушулардын арасынан синафармды көптөрү мактап атышат. Анткени 80ден ашуун мамлекет колдонду. Ал эми Спутник-V вакцинасын 65- 70 мамлекет колдонгону боюнча маалымат бар. Бизде азырынча ушу эки эле вакцина бар болуп, калгандары келген жок. Колдо барларды алып туруш керек.
- Июль айы башталып-башталбай эле ковиддин 3-толкуну башбакты көрүнөт. Бизде азыр кайсы штаммы өкүм сүрүүдө?
- Кечээ эле Санкт-Петербургдагы илим изилдөө институтунун илимпоздору “Кыргызстанда англиялык штамм бар” деп айтып атышат. Канчалык негиздүү экенин биле албайбыз. Анткени, Кыргызстанда пандемияны изилдей турган микробиологиялык эч бир институт жок. Өкмөттөн өз убагында каржылоо болгон эмес. Ошон үчүн ар убакта чоң мамлекеттерге көз каранды болуп атабыз.
- Дары-дармек таңкыстыгы быйыл болбойбу?
- Гепарин дарысы өткөн кылымда эле канды суюлтуучу дары катары колдонулган. Азыр деле эң эффективдүү дары бойдон калууда. Былтыр клексан, гепарин ж.б. дарылардан бизнес кылышты. Учурдагы протоколго тийиштүү дары-дармектердин баарын апкелдик. Бу жагынан таңкыстык болбойт деп ойлойм.
Булак: Азия News гезити