www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов Бээжинде өткөн форумда сөз сүйлөдү

12-13-июлда IX Кытай - Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов форумдун ардактуу коногу катары видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү.

Төрага - Кытай менен кызматташууга Кыргызстан артыкчылык берээрин баса белгилеп, кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган Глобалдык өнүгүү демилгеси жана Глобалдык коопсуздук демилгеси сыяктуу маанилүү концепцияларды колдой турганын белгиледи. Ал тараптардын мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү жана заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу боюнча аймактык кызматташууну, ошондой эле акыркы 30 жылда аялдарды өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен иштердин жыйынтыктарын талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда IX Кытай - Борбор Азия кызматташуу форумунун жыйынтыгы боюнча демилге кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости