www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айындагы тополоң учурдан пайдаланып, Садыр Жапаровду чыгарып алалы деген ой болгон эмес, бул элдин талабы болду. Бул тууралуу Талант Мамытов «Саясий коктейль» берүүсүнө берген маеги учурунда билдирди.

Ал учурда Мамытов саясий абалды турукташтырууга аракет кылганын белгиледи.

«Тополоң башталганда тынчсыздандык. Эл нааразычылыгын билдирди. Садыр Нургожоевичти эл өзү чыгарып келгенин, колдоо кандай болгонун баары көрүп турду. Биз кан төгүлүү, кагылышуу болбошу үчүн аракет кылдык. Буга чейинки көтөрүлүштөр кандай болду эле. Бийлик жөнөкөй жарандарыбыздын кашык канына татыбайт. Бийлик тескерисинче, элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Элге каршы чыкпашы керек», - деди Мамытов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости