www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын айрым саясий ишмерлерин чек ара боюнча маселелерди айтууда кылдат болууга чакырды.

Тажик ТИМи билдирүүсүндө Төрт-Гүл  суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга берилди делген маалыматка көңүл буруп, кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркациялоо иштери толук аягына чыга электигин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандагы айрым саясий фигуралардын мындай такталбаган билдирүүлөрү чек ара аймагында жашаган бир тууган калктын абалын курчутушу мүмкүн экендигин эскертет.

Ошондой эле мамлекеттик чек араларды тактоо иштери боюнча сүйлөшүүлөр өкмөттөр аралык комиссиянын кароосунда дагы деле уланып жатканын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 3-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн программасы тууралуу айтып жатып, «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деп айткан. Кийинчерээк, өкмөт бул маалыматты четке кагып, сөз Төрт-Гүл суу сактагычына суу бөлүштүргөн «Головной» тууралуу эмес, «Кайырма» каналы» жөнүндө болгонун билдирген. Жергиликтүү тургундар буга каршы митинг өткөрүп, Бишкекте да жарандык активисттер пикетке чыккан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости