www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатындаТалас электр тармактар ишканасы Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу 206 даана темир-бетон мамыча орнотту.
Талас шаарынын Ак-Калпак конушунда 1,5 км аралыкта 52 даана эски мамыча демонтаждалып, алардын ордуна 56 даана жаңы темир-бетон мамыча орнотулду. Ошондой эле 10 кВ аба чубалгысында 2 км аралыкта жана 0,4 кВ аба чубалгысында СИП-2 зымы боюнча 1500 метрде демонтаж жана монтаж иштери жүргүзүлүп, бул багыттагы иштер толугу менен аяктады.
Ошондой эле, Бакай-Ата районунун Кен-Арал айылында 10/0,4 кВ аба чубалгысындагы мамычаларды жылдыруу иштери жүрүүдө. Жалпы 5 км аралыкты камтыган бул долбоордун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 150гө жакын жаңы темир-бетон мамыча орнотулду. Планга ылайык, 0,4 кВ аба чубалгысында 8000 метр СИП-2 зымы тартылмакчы. Учурда курулуш-монтаж иштери улантылууда.
Мындан тышкары, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо алкагында жүргүзүлөт.
Бул жумуштар Талас облусунун 4 району жана 1 шаарында ишке ашырылат. Ал эми райондор боюнча
Бакай-Ата району – жалпы 257 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 7 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 250 даана мамыча алмаштырылат.
* Манас району – жалпы 228 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 65 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 163 даана мамыча алмаштырылат.
* Айтматов району – жалпы 316 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 12 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 304 даана мамыча алмаштырылат.
* Талас району – жалпы 302 даана.
Анын ичинен 0,4-10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 164 даана жаңы мамыча орнотулуп, реконструкциялоо иштеринде 138 даана мамыча алмаштырылат.
* Талас шаары – жалпы 55 даана.
Анын ичинен 0,4 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 17 даана жаңы мамыча орнотулуп, 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо иштеринде 38 даана мамыча алмаштырылат.
Бул иштердин жыйынтыгында электр тармактарынын иштеши туруктуу болуп, калкты электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат. Жаңы орнотулган мамычалар жана жаңыланган аба чубалгылары авариялык кырдаалдарды азайтып, жарыктын үзгүлтүккө учурашын кыскартат. Мындан сырткары, жаңыланган тармактар жаңы курулуштарды жана объекттерди электр энергиясына кошууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада калк туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздалат.