www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин жерибизге, элибиздин меймандостугуна суктанбаган жан жок. Чет өлкөдөн туристтер келген сайын улуттук тамактарыбызга, оюм-чийимдерибизге өзгөчө баа беришет. Жакында Россия мамлекетинин Санк-Петербург шаарынан атайын коноктор келишкен. Алардын келген максатын кененирээк чагылдырып берүүнү туура көрдүм.

Россия мамлекетинен келген конокторубуздун негизги максаты залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулуп өскөн мекени, кыргыз жери менен таанышуу болгон. Талас жергеси менен кенен-кесири таанышкан соң режиссер Наталия Фентисова атайын документалдуу фильм тартууну максат кылган. Алгач Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбековдун дайындоосу боюнча Талас облусунун социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Төлөгөн Наралиев конокторубузду Кара-Буура районундагы Шекер айылынын “Күркүрөө” маданият үйүнүн директору Самат Рыспаев менен бирге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени менен тааныштырганын айтты.

Конокторубузду “Беш-Таш” эс алуу паркында, “Кен-Көл” өрөөнүндө, “Манас-Ордо” улуттук комплексинде, Чыңгыз Айтматовдун ачык асман музейинде,“Күркүрөө” суусунда, “Бетме-бет” чыгармасындагы Ысмайылдын үнкүрүндө, бир кылымдан ашкан Шекер айылынын ак үйүндө, Эчкилүү тоосунда болушуп жалпысынан Шекер айылында тогуз күндөй коноктоь жүрүштү. Келген конокторубуз аскасы асман тиреген тоолорубузга, шар аккан сууларыбызга суктанышып, эсте каларлык жазгы эс алуу болгонун айтышкан. Наталия Фентисова менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз жеринин кооздугу боюнча сурагандыгыбызда “Кыргыз жери өзгөчө жакты.

Өзүбүздүн тамырыбыз Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан болот. Атам Ысык-Көлдүк, ал жакта эжелерим бар, беш-алты жылда бир конокко келип турабыз. Кыргызстандан, Германиядан билим алдым. Режиссёрдук боюнча окудум. Талас элине биринчи келишим. Бизди мынчалык жогорку деңгээлде тосуп алат деп ойлогон эмеспиз. Боорсок, бешбармак жедик. Эң кызыгы кыргыздын тоюна да, катыштык. Унутулгус өзгөчө сезимдер болду. Эми менин негизги максатым кинофильм тартуу болгондуктан, жакшы бир фильм тартсам деген кыялымды ишке ашырам. Бул документалдуу кино болот. Мына ошол кинону Талас жергесинен тартабыз. Ошондо дагы Талас жергесинин ажайып кооз жерлерине, Суусамыр өрөөнүнө барабыз деген аруу тилегим бар”, - деди режиссёр Наталия Фентисова.

Жогоруда айтып өткөндөй, “Күркүрөө” маданият үйүнүн директору Самат Рыспаев конокторду өз үйүндө коноктоп, сый көрсөтүп, кыргыздын каада-салты боюнча кийит-кече кийгизип конокторду узатты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости