www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта жылгаяк тебүү 23 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады. Маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, үч адам дөңдөн ылдый баллон менен жылгаяк тээп келе жатышып, токтоп турган унаага урунган. 1999-жылы туулган кыз алган жаракатынан каза болгон, ал эми жанындагы экөө ооруканага жеткирилди.

Белгилей кетсек, дарыгерлер дайыма кыш мезгилинде тоого чыгып муз тепкендерди этият болууга чакырып келет. Өзгөчө баллон менен муз тебүү адамдын ден соолугу үчүн эле эмес, өмүрү үчүн да кооптуу экенин коңгуроо кагып келишет.

Даргерлердин айтымында, баллон менен муз тепкенде тепкенде жаракат алуу коркунучу күч. Муз тепкендер арасында омурткасы, буту, колу сынып келгендер көп, атүгүл каза болуп калган учурлар да бар.

Ошондой эле, травматологдор баллон башкарылбагандыктан түрдүү коркунучтар тоорушу мүмкүн экендигин эскертишет.

Алардын айтымында, муз тээп баратып катуу жаракат алгандардын арасында комада жатканы, операция жасатканы жана, тилекке каршы, майып болуп калгандар бар.

Адистердин айтымында, лыжадан жыгылып баратып сактанып калса болот да, көбүнчө анда акырек сынат. Ал эми баллонго отурганда буту-кол асманды карап, адам аны башкара албай калат. Анан аң-сайга түшөт же тоо-ташты сүзөт, киши ыргып жамбашы менен жерге катуу отуруп калган да учурлар бар. 

Последние новости