www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-январда Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда соттолгондорду алмаштыруу боюнча келишимдин ратификациясын жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Парламенттин пленардык жыйынында сүйлөгөн өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев бул документ боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жылдан бери жүрүп келгенин айтты.

Гуманизм принциптери менен түшүндүрүлгөн келишимдин шартына ылайык, соттолгондорду алмаштыруу үчүн алардын макулдугу керек. Ошол эле маалда экстрадиция эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын уруксатын талап кылат.

Чиндалиевдин айтымында, ар түрдүү кылмыш үчүн соттолгон 225 өзбекстандык жазасын өз өлкөсүндө өтөөнү каалайт. Келишимдин алкагында, Өзбекстанда жазасын өтөп жаткан 20 казакстандык да мекенине кайтарылышы мүмкүн.

Өлкө эгемендигин жана коопсуздугун бузууга аракет жасоого айыпталгандар, мындан тышкары карызы жана каржылай милдеттенмеси барлар алмаштыруу жараянына илинбейт.

Последние новости